"Манас" аэропортунун имараты реконструкцияланып жаткандыгына байланыштуу айланасындагы жолдордо жана кире бериштерде убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул чаралар жүргүнчүлөрдүн жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган. Учурда аэропорттун жанындагы акы төлөнүүчү унаа токтотуучу жайлар убактылуу жабылып, жүргүнчүлөр үчүн "Семетей" аймагында, жүк терминалынын каршы тарабында акысыз токтотуучу жай уюштурулду. Бардык келген унаалар ошол жүк терминалы тараптан кайрылат. Ошондой эле аэропорт имаратынын жанында унаа токтотууга тыюу салынган.
Аэропорт администрациясы жүргүнчүлөргө бардык процедуралардан убагында өтүп, каттамга кечикпеш үчүн аэропортко эртерээк келүүнү сунуштап жатат.
Булак: koom.press