WhatsApp Image 2025-10-13 at 08.43.06.jpeg

Токмокто дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыз изделүүдө.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, милицияга Н.К. аттуу жаран кайрылып, 19 жаштагы Керемет Асылбек кызын издөөгө жардам көрсөтүүнү суранган.

Анда ал 12-октябрда кызы Токмоктогу “Булак” базары жактагы жумушунан чыгып кеткен бойдон үйүнө кайрылып келе электигин айткан.

Керемет Асылбек кызынын белгилери:

- бою болжол менен 180 см

- көзү жана кашы кара

- чачы ийинге чейин, кара түстө

- кийими: боз түстөгү куртка, кара шым жана боз бут кийим.

Токмок шаардык милициясы эгерде кыздын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматтар болсо, жарандарды дароо нөөмөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу билдирүүнү суранат:

0 (313) 86-31-02, 0 (312) 60-73-63, 0 (700) 29-40-42 же бирдиктүү милиция номери 102 аркылуу кабарлоо керек.

Булак: Кабар