Үч жыл мурун Сокулуктун борборундагы (Бишкек - Ош чоң каттамдагы жолдун боюндагы) жума сайын тыгын жаратчу мал базар президентибиз Садыр Жапаровдун, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин кийлигишүүсү менен жабылып, сыртырак жака көчүрүлгөн эле. Анда да жергиликтүү бийлик жаралган көйгөйдү чечпей, “көзү көрүп, көчүгүн бөрү жесе” да былк эткен эмес болчу. Эми ошол мал базар кан жолдун сыртка көчүрулгөндөн кийин мал базардын айланасындагы буюм - терим, жашылча- жемиш, эт, сүт, темир - тезек сатып иш кылгандар ошол эски ордунда калып кетишкен. 

Эми ал жер да жабылып, эки айдан бери Сокулуктун эли жума сайын болчу жайма базары жок, эски адатынча Бишкек - Ош каттамындагы чоң трассанын жээгине чейин чыгып соода кылышат экен. Албетте, бул жергиликтүү бийликтин шалаакылыгынан, кайдыгерлигинен  келип чыккан жагдай. Болбосо элдин мүдөөсүн чечип,  жумасына бир күн болчу жайма базарды татынакай кылып уюштуруп, жер таап көчүрүп койсо болот эле да. Элди кордобой...

“Деги Сокулук качан өнүгүп баштайт?” деп Сокулуктун эли өнүгүп аткан башка  шаар, райондорго суктанып карап олтура береби? Болбосо Сокулук району Кыргызстандагы эң чоң үч райондун бири го. Жергиликтүү бийлик жакшы иштеп, Сокулук өнүксө, Бишкекке болгон жүк да жеңилдейт эле. Анткени,  түштүк тараптан оогон ички миграция да так ушул районго келип байырлайт. А өнүгүү болсо нөл. Эч кандай иш кылынбай жатат. Райондун акими "эт менен челдин ортосунда" болбой иш бөлмөсүнөн  сыртка чыгып, эл аралап, базар көйгөйүн чечпейби? Элдин көйгөйү чечилиши үчүн Сокулукка сөзсүз президент же УКМК төрагасы барышы керекпи? 

Сокулуктагы бул  көйгөй боюнча жакында өзүнчө журналистик иликтөө кылабыз.

P. S. Төмөндө Сокулуктун элинин, соодагерлердин  бул көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен Президентке жана УКМК төрагасына жолдогон арыздын  көчүрмөсү.