Ички иштер министри Улан Ниязбеков мурдагы премьер-министр Феликс Куловго Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамды өлтүрүүгө шектүү кантип кармалганын айтып берген. Бул тууралуу саясатчы социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ага ылайык, кечээ шектүү кармалганы тууралуу маалыматтар чыккандан кийин ал министрге телефон аркылуу кат жазып, коомдо резонанс жараткан кылмыштын бетин ачуу маанилүү экенин белгилеген. Кийин министр ага чалып, кылмыштын бетин ачуу иштерин өзү жетектегенин, шектүүнү колго түшүрүүнүн чоо-жайын айтып берген.
"Министрдин билдиришинче, "Коопсуз өлкө" системасында колдонулган атайын ыкчам-техникалык каражаттарды пайдалануу жакшы жардам берген. Шектүүнү Ысык-Көл облусунан тартып Бишкекке чейин сыртынан байкоого алып турушкан. Кармалганда эки кишини өлтүргөнүн мойнуна алган", — деп экс-премьер соцтармакка жазды.
Булак: sputnik.kg