КР УКМК тарабынан жерлерди мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында, мамлекеттик органдардын эсебинде каттоодо турбаган Чүй облусунун Панфилов районунун айыл аймактарында жайгашкан жалпы аянты 278 гектарды түзгөн айыл чарба жерлери аныкталды.
        Алсак, айрым айылдык аймактардын аймагында мамлекеттик органдардын эсебине алынбаган айыл чарба жерлери бар экендиги аныкталган, ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым жетекчилери жана кызматкерлери аталган жерлерди муниципалдык менчикке алуунун милдеттүү жол-жоболорун сактабастан аффилирленген жактарга ижарага берип келишкен. Тергөөгө чейинки иштердин алкагында катталган материалдарга ылайык мыйзам бузуу менен пайдаланылган 278 гектар айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды.
        Мындан тышкары дайындалган комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткен же каза болгон жарандардын үлүштүк жерлерине мыйзамсыз ээлик кылуу фактылары жана мамлекеттик органдардын эсебине алынбаган жерлер аныкталды. 
        Учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Панфилов райондук бөлүмү тарабынан аталган жер үлүштөрүн мамлекеттин эсебине каттоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жогоруда аталган иштерге күнөөлүү тараптардын аракеттерине укуктук баа берүү боюнча иштер аткарылууда.