“Кыргыз көмүр” ишканасынын башкы директору Кайрат Маматов Бишкек жана Чүй облусуна майда көмүрдү киргизүүгө чектөө киргизүүнүн негизги себеби абанын булганышы, тактап айтканда — ыш маселеси экенин билдирди.
Анын айтымында, майда көмүрдүн сатылышына жана колдонулушуна жол берилбеши үчүн Кемин жана Кара-Балта шаарларына көзөмөл посттору коюлат.
“Бишкек менен Чүйдө ыш болбошу үчүн майда көмүр сатылбайт. Ал көмүр Бишкек ЖЭБине жана фильтри бар башка жылытуучу объекттерге гана берилет”, — деди Маматов “Биринчи радионун” эфиринде.
Буга чейин министрлер кабинети Бишкек жана Чүй облусунун аймагына майда көмүрдү алып кирүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салган токтом кабыл алган.
Булак: koom.press