Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда туруктуу жашаган энелерге "Бала береке" жөлөк пулун берүүнүн тартиби бекитилгенин министрлер кабинетинен билдиришти.

Өкмөт кабыл алган токтомго ылайык, бир жолку жөлөк пул 2026-жылы төртүнчү болуп төрөлгөн балага берилет:

4-балага — 100 миң сом;

5-балага — 600 миң сом;

6-балага — 800 миң сом;

7-балага — 1 миллион сом;

8-балага — 1 миллион 200 миң сом;

9-балага — 1 миллион 500 миң сом;

10-бала жана андан кийинки ар бир балага — 2 миллион сом.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 23-декабрында президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди колдоо максатында "Бала береке" төлөмү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Булак: sputnik.kg