Ош шаарында төрт жаңы суу сактагыч пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын башчысы Жеңишбек Токторбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Ак-Буура дарыясынын жээгине мурунку эски бассейндин ордуна курулган суу сактагычтардын жалпы көлөмү 24 миң куб метрди, жалпы аянты 5 миң 450,7 чарчы метрди түзөт.
Ар кандай себептерден улам суу берүү убактылуу үзгүлтүккө учураса, суу сактагычтардан суу шаардын чыгыш тарабына берилет, деп түшүндүрүштү муниципалитет.
Булак: 24.kg