Бишкектин четиндеги Ак-Ордо-3 конушундагы үйдөн эки адам бычакталып, каза болду. Окуя тууралуу милициядан тастыкташты.

Маалым болгондой, окуя 2-октябрда катталган.

Расмий эмес маалыматтар боюнча, үйгө түндө ууру кирген, үйдөгү эркек киши жана аял бычакталган. Ал эми дагы бир аял киши балдары менен качып чыкканга үлгүргөн.

Милиция бул боюнча азырынча толук расмий комментарий бере элек.

Булак: govori.tv