Ош шаарынын 2023-жылдагы бюджетинде 5,6 млрд сомдук мыйзам бузуулар жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, шаардын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгына ылайык, шаар бюджетинин такталган көлөмү 3 млрд 224,2 млн сомду түзгөн. Бирок кирешелер 92,7% гана аткарылып, пландан 235,6 млн сомго аз түшкөн. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр жетишсиз болуп чыккан. Чыгаша бөлүгү 91,8% деңгээлде гана ишке ашкан. Социалдык коргоо жана билим берүү тармактарында каражаттар толук көлөмдө колдонулган эмес.
Жалпысынан аудиттин жүрүшүндө 5 млрд 658,9 млн сом суммада мыйзам бузуулар жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Анын ичинен 1 млрд 952,6 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, бүгүнкү күндө 31,2 млн сом гана кайтарылган. Негизги мыйзам бузуулар бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун так жүргүзүлбөшү, сатып алуулардагы кемчиликтер, мүлктү туура эмес пайдалануу жана товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги менен байланыштуу экени айтылды.
Аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын кеңеши Ош шаарынын мэриясына жана тиешелүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жана жергиликтүү бюджетти толук жана натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу боюнча сунуштарды берди. Ошондой эле документтер Башкы прокуратурага укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлүп жатканы белгилүү болду.