ff88849a-032c-46da-b24c-aedd4d3f5b8d.jpg

Ысык-Көлдө 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын зордукталып, андан кийин мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн ар тараптуу иликтөө үчүн ыкчам тергөө тобу түзүлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин түз эфиринде Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчы Султан Макилов билдирди.

Анын айтымында, тергөө тобунун курамына тажрыйбалуу тергөөчүлөр кирди.

“Учурда шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Ага карата “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. Эки айдын ичинде экспертизалардын жыйынтыгы менен башка дагы беренелер кошулушу мүмкүн жана бардык жагдайлар иликтенет. Алардын ортосунда мурда катыштык болгонбу, шектүү ал жакка кандайча барып калганы бардыгы такталат”, - деди ал.

Ошондой эле укук коргоо өкүлү үрөй учурган окуя боюнча бардык жагдайлар ачыкталып, шектүү өмүр бою эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Булак: Кабар