Капиталдык курулуш башкармалыгы Манас шаарынын Р.Азимов көчөсүндөгү «Акылман» президенттик лицейин курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, бул максатта 265 миллион 24 700 сом каралган.

Тендердик арыздар 15-октябрга чейин кабыл алынат. Ал эми 2026-жылдын 31-августтунда аяктайт

Буга чейин аткаминерлер билим берүү мекемесинин келечектеги дизайнын айтып беришкен.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысынын демилгеси менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында «Акылман» президенттик лицейи 2023-жылы ачылган. Анын бүтүрүүчүлөрүнө жеңилдиктерди берген мыйзамга кол коюлган.

Булак: 24.kg