{{ item.title }}

Бүгүн Каракол шаарында 40тан ашык аскер кызматчыларына ипотекалык батирлер тапшырылды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, батирлердин ачкычын коргоо министри Руслан Мукамбетов тапшырды.

Салтанаттуу иш-чарага Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышты.

Иш-чаранын соңунда коргоо министри батирлер менен таанышып, аскер кызматчылардын үйүнөн даам сызды. Бул турак жайларды аскер кызматчылары "Менин үйүм" мамлекеттик программасынын алкагында алышты.

Булак: Кабар