Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров коомчулукка кайрылып, эркектерди аял затына урмат-сый көрсөтүүгө чакырды. Ал кыз-келиндерге кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар болуп жатканын айтып, муну “трагедия, намысты тебелөө, коомду кыйратуу” деп баалады.
«Биздин ата-бабаларыбыз аялзатын ар дайым бийик туткан. Аялзатын намысы жана аны коргоо үчүн бүтүндөй азаматтар аттанган. Кыргызда кызды төргө чыгарган, энени таажыдай башына көтөрүп, абдан катуу сыйлаган. Бул – биздин шариятыбыз, наркыбыз, кан-жаныбызга сиңген асыл салт. Аялзатын урматтоо – бул кыргыздын намысы! Бирок бүгүн айрым адамдар напсинин кулу болуп, аялзатына кордук көрсөтүп, коомдо үрөй учурган окуялар жаралып жатат. Бул – чоң трагедия, бул – намысты тебелөө, бул – коомду кыйратуу!
Ата катары – биз кыздарыбызды аруу сактап, уулдарыбызды адеп-ахлакка, ыйманга тарбиялап, үй-бүлөнү коргоп, балдарыбызга мээрим жана камкордук менен үлгү болууга милдеттүүбүз. Ата – үйдүн тиреги. Тирек бекем болсо, үй бекем болот.
Ага катары – ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо – биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары – эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу – бул биздин милдетибиз. Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо – чыныгы эрдик.
Эр-азамат болуу – бул күч менен мактануу эмес. Эркектин чыныгы күчү – өзүн тыя билүүдө, аялзатына аяр мамиле кылууда. Боорукер болуу – эрдик, мээримдүү болуу – бийиктик, аялзатын коргоо – бул ыймандуулук! Келгиле, коомду зынаадан, бузукулуктан, зулумдуктан сактайлы. Үй-бүлөнү бийик адеп-ахлак менен тарбиялайлы. Ар бир кызды – өз кызыбыздай, ар бир аялды – өз энебиздей, ар бир бийкечти – өз карындашыбыздай аярлап мамиле кылалы. Эсиңерде болсун: аялзатына кол салган адамдын акырети караңгы! Алла Таала аялзатын урматтаганды урматтайт, зулумдук кылгандарды дүйнөдө да, акыретте да жазалайт. Биздин коомду сактап калуучу эң чоң курал – бул ыйман, адеп жана аялзатына болгон урмат. Эгер аялзатын урматтасак, коомубуздун уңгусу бекем болот. Эгер аялзатына зулум кылсак, анда коомубуз кыйроо жолуна түшөт», — деп жазылат муфтийдин кайрылуусунда.
Ысык-Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын окуясы коомчулукту нес кылды. Кыз 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, Жеңиш айылында зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык автожолунун 14-чакырымына башкача айтканда Боом капчыгайына ыргытып жиберген.
Буга чейин бир нече жолу соттолгон 41 жаштагы шектүү ушул тапта Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда.
Булак: govori.tv