Эртең, 27-сентябрдан тарта Жалал-Абад шаары расмий түрдө Манас деп атала баштайт. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров 17-сентябрда шаардын атын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койгон. Мындан улам 27-сентябрь — Манас шаарынын күнү катары белгиленет.
Эске салсак, 3-сентябрда шаардык кеңештин депутаттары аталышты өзгөртүү сунушун колдоп, калаа мэри бул чечимди “элдин талабы” деп атаган.
Жогорку Кеңеш да мыйзам долбоорун колдоп берген. Министрлер кабинети билдиргендей, шаар атын өзгөртүү жараянына мамлекеттен болжол менен 15 миллион сом коротулат.
Булак: koom.press