Аламүдүндө жашырылган курал-жарак табылды – УКМК КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок а/а, Прохладное айылынын тоолуу аймагына жакын жерде ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жашыруун жай табылды.
        Жашыруун жайдан табылган курал-жарактардын тизмеси:
- 1 даана АКС-74 автоматы;
- 1 даана ТТ үлгүсүндөгү тапанча;
- 5,45 жана 7,62 калибрдеги ок-дарыларды камтыган 20 даана магазин.
        Маалыматка ылайык, белгиленген ок атуучу куралдарды буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү өлкөдөгү саясий өзгөрүүлөр учурунда коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу максатында колдонушкан.
        Учурда КР УКМК тарабынан ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сактоого тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу, ошондой эле куралдарды мурда жасалган кылмыштарда колдонуу фактыларын аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.