Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте холера оорусунун чыгышы тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү таратып, четке какты.

Маалыматта айтылгандай, пландуу санитардык мониторингдин алкагында аймактык санитардык кызматтар ачык суу сактагычтардын, дарыялардын жана агын суулардын суусун үзгүлтүксүз текшерип турушат.

«Акыркы жолу Ош шаарынан, Араван жана Кара-Суу райондорунан алынган үлгүлөрдө холера вибриону Vibrio cholerae O1 (серовар Огава) аныкталган, бирок ал авируленттүү — башкача айтканда, адам үчүн коркунучтуу эмес жана классикалык холерадагыдай эпидемиялык потенциалы жок. Эпидемиялык коркунуч жок болгонуна карабастан, толук көлөмдө тиешелүү чаралар көрүлдү», — деп жазылат маалыматта.

Калк үчүн ичеги-карын инфекцияларынан сактануунун жөнөкөй эрежелери маанилүү бойдон калууда:

  • кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну гана пайдалануу;
  • колду самындап кылдат жууп туруу;
  • жашылча-жемиштерди жакшылап жууп, кайнак суу менен чайкоо;
  • курч ичеги-карын инфекциясынын белгилери (кусуу, ич өткөк) пайда болсо — дароо медициналык жардамга кайрылуу.

Региондогу эпидемиологиялык абал туруктуу жана көзөмөлдө.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды маалыматты расмий булактардан гана алууга жана тастыкталбаган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Булак: govori.tv