Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйналышында “Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Документ жөнүндө Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасап, Гүлчө администрациялык, маданий, экономикалык борбор болуп саналганын, инфратүзүмдөрүн жаңылоо үчүн шаар деп атоо сунушталып жатканын билдирди. Ал мыйзамга ылайык, калкы 10 миң адамдан кем болбогон калктуу конуштар шаар категориясына киргизилсе болорун айтты.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында долбоор добушка коюлуп, үч окуудан дээрлик бир добуштан кабыл алынды.

Булак: govori.tv