Квота толгондуктан, 2026-жылдагы ажылыкка баштапкы төлөм кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымдайт.

Кыргызстанда 2026-жылдагы ажылык сапар үчүн салттуу түрдө 6 миңге жакын орун бөлүнгөн. Алардын ичинен 2000дей кыргызстандык 2025-жылы кезекке кошулган. Демек, квота толугу менен толуп, төлөмдөрдү кабыл алуу токтотулган.

Булак: govori.tv