Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү боюнча мыйзам долбоору үч окууда каралып, колдоо тапты.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдин айтымында, айыл аймакка 12 айыл кирет, калкынын саны 22 566 адамды түзөт.
Гүлчөдө Алай райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөтү, УКМКнын райондук бөлүмү, аскер бөлүгү, прокуратура, сот, Социалдык фонд жана башка министрликтердин райондук бөлүмдөрү, банктар жана стадион жайгашкан.
Айылда 1 кесиптик лицей, 3 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, 5 бала бакча бар. 90% таза суу менен камсыздалган, жолдорунун 63% асфальтталган.
Мыйзам долбоору эми Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.
Булак: koom.press