Абдрахманов - Киев көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Кабар" агенттигине билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, таштанды таштоочу жайдан өрт тутанган.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:00дө Свердлов райондук өрткө каршы бөлүмдүн өрт өчүрүүчүлөрү тартылды.

Өрт кырсыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Булак: Кабар