Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда кар жаап жатат. "Кыргызавтожол" ишканасынан билдиришкендей, жолдордо атайын техника менен кар тазаланып, инерттик материалдар себилүүдө.
Жолчулар күнү-түнү кезметте болуп, жол кыймылынын үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоодо. Учурда каттамдар ачык жана туруктуу.
Ошондой эле Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун ашуусунда да кар жаап, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ал эми Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Боом капчыгайы, Кубакы, Долон, Кызыл-Бел, Түз-Бел, Чар жана Ак-Бейит ашууларында кар жааган жок. Бул аймактарда жолдор ачык жана каттам туруктуу.
Айдоочуларга кышкы сезимге даярдык көрүп, автоунаанын дөңгөлөктөрүн алдын ала алмаштыруу жана кар чынжырларын кошо алып жүрүү сунушталат.
Жол абалына көңүл буруп, этияттыкты сактоо сиздин жана жолдогу коопсуздуктун кепилдиги болот.
Булак: koom.press