Бүгүн, 18-сентябрь күндөрү Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаздын Кыргыз Республикасына расмий сапары жана Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркия мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги түрк мамлекеттеринин биринчи жыйыны өтүшүнө байланыштуу Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет.

Чектөө киргизилүүчү аймактар:

  • «Манас» эл аралык аэропортунан Бишкек шаарынын кире беришине чейинки жол;
  • Фучик көчөсү (шаардын четинен Чүй проспектисине чейин);
  • Чүй проспектиси (Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейин чыгыш багытта);
  • Манас жана Ч.Айтматов проспектилери (түштүк тараптан «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү);
  • «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейинки жол тилкеси.

«Урматтуу шаар тургундары жана айдоочулар!
Мамлекеттик маанидеги иш-чара учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жол тилкелерине унаа калтырбоону, зарылчылык болбосо оор жүк ташуучу унааларды жолго чыгарбоону суранабыз. Ошондой эле жалпы айдоочуларды жол кыймылын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийүүгө жана жол эрежелерин так сактоого чакырабыз», — деп айтылат кайгуул кызматы тараткан маалыматта.

Белгилей кетсек, көрсөтүлгөн көчөлөр толугу менен жабылбайт. Жол кыймылына чектөөлөр делегациялардын кортежи өтүп жаткан учурда гана маал-маалы менен киргизилет. Эгер кырдаалга жараша башка жолдорго да чектөөлөр киргизүү зарыл болсо, кошумча маалымат берилет.

Булак: govori.tv