Роза Азимбаева (@rozaazimbaeva_official_) • Instagram photos and videosРоза Азимбаева, актриса: "Зинаны аяп кетем, анткени ал менин каарманым..."

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү белгилүү актриса Роза Азимбаева зомбулукка кабылганы боюнча түшкөн кайрылууга байланыштуу расмий маалымат таратты.

Милициянын билдиришинче, окуя каттоого алынып, текшерүү иштери башталган. Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Милиция кызматкерлери актриса жана анын 42 жаштагы жолдошун бөлүмгө жеткирген.

Эскерте кетсек, Роза Азимбаева буга чейин социалдык тармактагы видеосунда жолдошу тарабынан ур-соккуга кабылганын айтып чыккан. Актриса эл арасында “Министрдин кызынын махабаты” тасмасындагы Зинанын образы аркылуу таанылган.

Учурда окуя боюнча бардык жагдайлар такталууда.

Будак: koom.press