Кыргызстанда 9-сентябрдан 14-сентябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 24 220 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 1 660;
мас абалында унаа башкаруу – 342;
унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 186;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 100;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 942;
авто ээнбаштык – 23;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 461;
жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 020;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 484 унаа айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат.

Булак: govori.tv