Бишкек шаарындагы Свердлов районунун курамына кирген Лебединовка айылынын Биримдик-Кут жаңы конушунда жаңы мектеп курула турганы маалым болду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Курулуш иштерин Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги көзөмөлдөйт жана Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ишке ашырылат.

Долбоорго ылайык, мектеп 750 окуучуга ылайыкташтырылып, үч кабаттуу окуу корпусунан жана эки блоктон турат. Курулуш 2026-жылы башталат. Объекттин жалпы аянты — 8 705,16 чарчы метр.

Азыркы учурда мектептин долбоорлоо-сметалык документтери толугу менен даярдалган.

Белгилей кетсек, жаңы мектеп Биримдик-Кут конушунун гана эмес, жакын жайгашкан Айкөл конушунун да окуучуларын кабыл алууга шарт түзөт.

Булак: koom.press