9-сентябрда Токмок-Кошой автожолунун үчүнчү чакырымында болгон жол кырсыгынан беш адам мүрт кетип, дагы төрт киши жаракат алды.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, “Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаа түштүктөн-түндүктү көздөй келе жаткан учурда “Субару-Аскент” машинеси карама-каршы тилкеге чыгып “Тойота-Вишти” сүзгөн.
“Тойота-Виш” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчү кырсык болгон жерден эле каза болгон. “Субару-Аскенттин” айдоочусу жана үч жүргүнчү ооруканага жаткырылды.
Кыргызстанда 2025-жылдын январь-март айларында 1300дөн ашык жол кырсыгы катталып, андан 110 адам каза болду. Дагы эки миңден көп киши ар кандай жаракат алды.
Булак: Азаттык