Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында болгон ракеталык чабуулдарды кескин айыптады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 9-сентябрда билдирди.
Алагөзовдун айтымында, ракеталык чабуулдар эл аралык укукту жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставындагы принциптерди одоно бузат. Мындан сырткары, мындай аракеттер Катардын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө түздөн-түз зыян алып келет.
Эске сала кетсек, 9-сентябрда Катар баш калаасы Доха шаарында бир нече жарылуу угулганы маалым болду. Axios агенттигинин кабарына ылайык, бул Израил тараптан ХАМАС уюмунун өкүлдөрүнө каршы багытталган ракеталык сокку болгон.
Израилдин коргонуу армиясы расмий билдирүү жасап, сокку 7-октябрдагы Израилге болгон чабуулдар үчүн жооптуу болгон ХАМАС жетекчилерине багытталганын билдирди. Бирок чабуул жасалган аймак так аталган эмес.
Булак: koom.press