{{ item.title }}

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, Нарын шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары менен таанышты.

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров мамлекет башчысына жаңы төрөт үйүнүн, шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун курулушунун башталышы, ошондой эле Торугарт көмүр кенин иштетүүнү камтыган инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы жана башкалар жөнүндө билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаровго Ат-Башы – Баетов – Казарман жолун куруу пландары тууралуу маалымат берилди.

Өз кезегинде мамлекет башчысы Жаман-Даван жана Терек-Сай суу сактагычтарынын жана каналдарынын курулушун, Баетов айылындагы борбордук парктын реконструкциясын аяктоону, Ак-Талаа районунда Коомдук маданий борборду курууга киришүүнү тапшырды.

Тааныштыруунун жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров белгиленген долбоорлорду жүзөгө ашырууга бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Булак: Кабар