«Бишкекгаз» газ кызматы орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 10-11-сентябрь күндөрү борбор калаанын айрым райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн билдирди.

Газ берүү убактылуу токтотула турган аймактар:

- Алыбаев көчөсү  

- Кривоносов көчөсү  

- Тойгонбаев көчөсү  

- Тимур Фрунзе көчөсү

Компания жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, бул күндөрү альтернативдүү энергия булактарын пайдаланууну сунуштайт.

Оңдоо иштери шаар тургундарын жаратылыш газы менен туруктуу жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Булак: koom.press