Сарайдын үстүндө жыйылган 5000 түк чөп өрттөнүп, 80 тонна арпанын 60 тоннасы сакталып, болжол менен 20 тоннасы күйгөн.
4-сентябрда Аламүдүн районуна караштуу Васильевка айылындагы фермердин мал сарайы өрттөнүп, 5000 түк чөп, 20 тонна арпа, ичинде текстиль материалы бар 40 тонналык контейнер, курулуш материалдары жана жүк ташуучу «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү унаасы күйүп кеткени айтылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундардын маалыматына таянып ЖМКлар жазды.
ӨКМдин маалыматына караганда, Васильевка айылынын жаңы конушунда Казакстан тараптан куураган чөптүн күйүшү шамал аркылуу өтүп, ачык аянтта куураган чөптөрдү каптап кеткен. Шамалдын күчү менен өрт жакын жайгашкан сарайга өтүп кеткен өрт саат 15:15те чектөөгө алынган.
Өрттүн кесепетинен сарайдын үстүндө жыйылган 5000 түк чөп өрттөнүп, 80 тонна арпанын 60 тоннасы сакталып, болжол менен 20 тоннасы күйгөн. К.Д.А. аттуу жаранга таандык «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү унаа жана курулуш материалдары күйгөн.
Булак: govori.tv