WhatsApp Image 2025-09-05 at 10.08.29.jpeg

404 миллион сомдук 12,3 гектар жер тилкеси андагы күнөскана менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында орун алган 12,30 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, Мады айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок участкасында жайгашкан баасы 404 млн 511 миң сомду түзгөн күнөскана 12,30 га жер тилкеси менен биргеликте мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Булак: 24.kg