6-сентябрдан тарта Фучик көчөсүнүн батыш тарабы капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылат
Бишкек шаардык мэриясынан такташкандей, көчөнүн Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.
Аталган тилкенин чыгыш тарабында эки багытта кыймыл уюштурулат.
Бишкек шаарынын мэриясы калаанын тургундарына жана конокторуна жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырып, жол тыгындарын алдын алуу максатында коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.