Депутат Чыңгыз Ажибаев бир нече жыл мурда кыргыздардын массалык миграциясы Казакстанга да бурулганын, анын кесепети ушул убакка чейин үзүлбөй келатканын билдирди.
Ал бул тууралуу Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитеттин жыйынында, эмгек министринин ордуна Канат Сагынбаевдин талапкердигин карап жаткан маалда билдирди.
Ал талапкерге майып адамдардын жөлөкпул алуу үчүн жыл сайын процедурадан өтөөрүн, мөөнөтү өтө кыска экенин айтты жана аны узартууну сунуштады.
"Токтом чыгып, анын негизинде майыптуулугу бар жарандар категориясына жараша 4, 5 жана 7 жылда комиссиядан өтө турган болушкан", - деди Сагынбаев.
Депутат миграция маселесин да көтөрүп, Россифядагы кыргызстандыктар балдарын мектепке жайгаштыруудан кыйналып жатканын билдирди. Ошондой эле, көп жыл мурда Казакстанга миграцияга барган кыргыздардын көбү кулчулукка кабылганын жана ушул убакка чейин кулчулуктан чыга албай жүргөндөр бардыгын кошумчалады.
"Министр болуп калсаңыз ошолорду алып келүүгө аракет кылыңыз. 3-4 адамды алып келсеңиз да бул сиз үчүн жеңищ", - деди ал.