Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызмат ордуна Канат Сагынбаевдин талапкерлиги бүгүн, 2-сентябрда Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинде каралды.
Эске салсак, буга чейинки министр Равшанбек Сабиров башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
Канат Сагынбаев эмгек жолун 2015-жылдан баштаган. Ал Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде жетектөөчү адис, Мамлекеттик миграция кызматында адис, башкы адис, КР Өкмөт аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүндө эксперт ж.б. кызматтарда иштеген.