Бүгүн, 2-сентябрда Л.Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бул тилкеде төмөнкү иштер аткарылды:

  • бордюрлар орнотулду;
  • жол белгилери түшүрүлдү жана орнотулду;
  • эки катмар асфальт төшөлдү.

Ошондой эле, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Л.Толстой көчөсүнүн төмөнкү тилкелери убактылуу жабылды:

  • Асаналиев көчөсүнөн Бакаева көчөсүнө чейин;
  • Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейин.

«Айдоочуларды жана шаар тургундарын убактылуу ыңгайсыздыктарды эске алып, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз»,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Булак: govori.tv