Бишкектеги Гагарин көчөсүндөгү жөө өтмөктөн төрт адамды сүзүп кеткен унаанын айдоочусу кармалды.
Бул тууралуу шаардык жол кайгуул мекемесинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн түштөн кийин Гагарин көчөсүнөн “Хундай Палисад” үлгүсүндөгү автоунаа жөө өтмөктөн өтүп бараткан төрт адамды сүзүп, качып кеткен.
Кырсыктан 71 жаштагы адам каза болуп, калган үчөө ооруканага жаткырылды. Алардын бири үч жаштагы наристе.
Булак: govori.tv