Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн куруп жаткан компанияларга карата чара көрүүнү УКМКнын Нарын облустук башкармалыгына тапшырды. 

Ал бул тууралуу Сузак районундагы жолдордун курулушу менен таанышып жаткан учурда айтты. 

"Нарындагы Шералиев көчөсүн жасап жаткан “Бета групп” деген компания ушул убакка чейин жасап бүтө элек турбайбы. 15-августка деп мөөнөтүн койбодук беле. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Солтобаевге айткам, убагында бүтпөсөң камаласың дегем. Бүгүн 31-август болду. Тез арада чара көргүлө. Күндө эл жолду тартып чыгарып, сапатсыз жол курулуп жатканын айтып жатышат. Карабайсыңарбы, сөзсүз мен барышым керекпи?!", - деди телефон аркылуу байланышып. 

А бүгүн, 1-сентябрда УКМК тараткан маалыматка караганда, Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурунда кетирилген мыйзам бузуулар үчүн тийиштүү жарандар камакка алынды.

Алар:

- КР Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Т.О. Солтобаев;

- “Бета групп” ЖЧКнын аткаруучу директору М.К. Амантуров бар.