Султанбек Абдулжанов деген фигура  жөнүндө  айтып кое турган учур болуп турат. Ар качан таасирдүүлөрдүн айланасынан түнөк таап, кыңыр ишин жашырган эргулдарды коомчулук, керек болсо президент да билиш керек.

Шылуундукта "профессионал" болуп калгандар, ар бир бийликтин короосуна кирип, төргө жулунушат эмеспи. Жанагы төбөлдөр деле жаңы жүз экен деп төбөгө көтөрүп алып , артынан шакмары чыкканда өздөрү уялып олтуруп калып жатышат да.

Султанбек Абдулжанов деген ким өзү? Бул фигура буга чейин бирөөнүн авто унаасын тартып алып, үй салууда ызы-чуу чыр чатак менен жүргөндүктөн "жаман атын жашырып, жакшы атка конуш үчүн" фамилиясын өгөртүп, саясат кургурга аттанган жаш муундун өкүлү. А болбосо, мурдагы Жалал-Абаддын мэри Мухтар Арапаевдин уулу,  анын агасы Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев. Алар Ноокаттагы цемент заводдоун ээлери. Азыр Чүйгө дагы жаңы завод салып шаңгырап турган кездери. Кускандардын тизмесинен деле көрүнүшпөйт. Таң калып коесуң. Укуруктун учу буларга жете элек окшойт. Кезинде Алмазбек Атамбаевге  таянып, балдарына «дос» болуп, кайра «Биримдик» партиясына бириге калып айтор “везде “болушту . Эми да таасирдүүлөрдүн туугандары аркылуу чабак ургулары келип жаткан учурлары экен.  Башта айткандай  Султан деген жигит буга чейин дагы депутат болсом деген дымагы менен бийликтеги партиялар “Биримдикке” бириге калып, “Социал-демократтар” менен да санаалаш  болуп, саясатка аралашып жүрөт. Ата-тегин, ар-намысын ыңгайы келсе алмаштыра калган аферисттен эмне жакшылыкты күтсө болот? А болбосо  Султан Арапбаев болуп эле жүргөн бала чоң атасынын атына Абдулжанов болуп өзгөрө чыга келди да. Орустар айтмакчы, “ничего святого” жок болгондор элди сыздатып, көз боемчулук иштерин кылып, таза адамдарды сыздатышат. Бир таң калганыбыз Кадыр, Сейит Атамбаевдер ошол эле Темирлан Султанбековдор Султан Абдулжановдун “моше́нник” иштерин билишкен жокпу?  Же саясатта акчасы болсо эле адалдашып кетеби? Анан кантип алар абийир жөнүндө сүйлөй алышат? Партиялашы элди сыздатып алдап жүрсө алар аппак карга болбой эле коюшсун деген кеп.

Эми айтылуу «неуловимый» Султан Абдулжановдун  иштерин факты менен тизмектейли:

1. Факты: 2019-жылы Адилет Алымов Бишкек шаарынын туругуну Ошол  кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаевдин тууганы 31 жаштагы Султан Арапаев кымбат балуу жол тандабасты жалган документ  жасап, өзү ээ болбогон эле унааны  сатып жиберген факты боюнча ызы-чуу чыккан. Бирок бийликтеги таасирдүү туугандары соттордун дагы оозун басып, кырдаалдан кургак чыгышкан.

Жабырлануучу тарап Адилет Алымов Султан жана Мирлан Арапбаевдерге ири суммадагы акчаны бергенде, алар күрөө катары  “Lexus” унасын калтырып, кийин ал унаа Арапбаевдерге тиешелүү эместиги аныкталып, алданып калган.

Бу Арапбаевдердин балдары буга чейин дагы “шылуундук” боюнча укук коргоодо торго илинишкен.

2. Факты:  2017-жылы Султан менен Мирлан Арапбаевдер чогулуп элдиалдап жүргөндүктөн топ арыз жазылып, анын негизинде “шылуундук” жана “жалган документ жазоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Август айында Бишкектеги Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп,  2018-жылы сот “таасирдүү туугандардын” жардамы менен шылуундарды актап жиберишкен.  

3. Факты:   $340 миң долларга үй алып, акчасын төлөбөй койгон адамга али күнгө чейин жазасы берилбей келет? Эмнеге?  2021-жылы  27- мартта Ленин райондук ИИБ кайрылып, 2019-жылы август айында бир айдын ичинде 340 миң АКШ доллар төлөп берем деген Султан деген жигит, убадасын аткарбай, качып жүргөн

«2019-жылдын 13 сентябрына чейин негизги карызды төлөө үчүн Бишкектеги Севастопольская көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн 7 квартираны   $279.6 миң АКШ долларына баалап, калган $60 389 суммага  бетонн убада кылган. Бирок, суудан кургк чыккан Султан бу жолу дагы убадасына турбай кеткен. Жалпы чыгым  $340 миң АКШ долларын төлөгөн эмес», —  деп жазылат интернеттеги ачык маалыматтарда. А

Жогорудагы шылуундук фактылары Kaktus.media жана башка интернет булактарында кеңири жазылып,  30-апрелде аймактык шайлоо комиссиясынынын уруксаты менен «шылуундук” фактысы менен кармалган.  Кийин Ленин райондук соту үй камагы менен бошотуп жиберген.

Эми суроо? “Социал-демократтар” менен санаалаш болгон Султан Абдуллажановдагы кимдерди сыздатып жатты болду экен?