30-31-август күндөрү КР президентинин колдоосунда Эгемендүүлүк күнүнүн урматына кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул ири маданий иш-чаранын алкагында Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы, Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы жана Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы белгиленет.

Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында өтөт. Башталышы саат 12:00.

Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар 27-29-август күндөрү жер-жерлерде өткөрүлөт:

  • 27-август, саат 17:00 – Токтогул шаары, Маданият үйү;
  • 28-август, саат 17:00 – Аксы району, Кербен шаары, Маданият үйү;
  • 29-август, саат 17:00 – Сузак району, Барпы айылы, Жони паркы.

Кирүү акысыз. Байланыш номери: 0701 11 77 19.

Булак: Кабар