Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы боюнча 27-августта заманбап технологияларды колдонуу менен издөө-куткаруу операциясы жүргүзүлдү.
УКМКнын маалыматына караганда, бүгүн заманбап технологияларды колдонуу менен кезектеги издөө-куткаруу операциясы жүргүзүлдү. Бирок тоонун өтө татаал шарттарына жана жагымсыз аба ырайына байланыштуу алар ийгиликке жеткен жок.
Альпинист калган аймакты жогорку тактыктагы жабдуулары бар учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен аэровидеосъёмка жүргүзүлдү.
«Шамалдын катуу болгонуна карабастан, тепловизорду колдонуу менен аэромониторинг жүргүзүүгө мүмкүн болду. Алынган маалыматтарды экстремалдык аба ырайын жана жайгашкан жердин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен талдоо жүргүзүүнүн натыйжасында, альпинист Наговицынанын тирүү экендигинин белгилери табылган жок», — дешти УКМКдан.
Булак: govori.kg