Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Борбор калаа мэриясынын жыйындар залында Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин (ОРАБӨМ) машыктыруучулары жана тарбиялануучулары менен жолукту.

Мэр спортчуларга эл аралык аренадагы жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди жана машыктыруучулардын эмгегинин маанилүү экенин белгиледи:

“Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздер жана спортко берилгендигиңиздер жаш муундарга чыныгы үлгү. Эл аралык ареналарда Кыргызстандын желегин желбиреткениңиздер – чоң сыймык,” – деди Жунушалиев.

Жолугушууда Индиянын Дели шаарында өткөн армрестлинг жана параармрестлинг боюнча Азия чемпиондугунун, ошондой эле Казакстандын Астана шаарында өткөн парадзюдо боюнча дүйнө чемпиондугунун байге ээлерине акчалай сертификаттар тапшырылды. Сыйлыктар спортчулар менен бирге машыктыруучуларына да берилди.

Булак: koom.press