Бүгүн, 25-августта Ысык-Көлдө өлкөдөгү алгачкы шамал генератору орнотулду. Бул тууралуу Жашыл энергетика ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева кабарлап, анын орнотулуп жаткан видеосун социалдык тармакка жарыялады.
«Эми тоолорубуздагы шамал үйүбүз үчүн жарык менен жылуулукка айланат», – деп жазды ал.
Кырбашеванын айтымында, мындай генераторлордон дагы жүз даана орнотулуп, жалпы кубаттуулугу 100 мегаваттка жетмекчи.
Булак: koom.press