УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын тургундары менен жолугушууда мамлекетте болуп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Ал мамлекеттин жетекчилиги чоң айыл, кичине айыл деп бөлбөй турганын, баары бирдей экенин жана баарына бирдей шарт түзүү башкы максатка айланганын белгиледи.
"Эң негизги маселе - урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевич тарабынан мамлекеттин бардык булуң-бурчтарындагы, айыл-шаарлардагы маселелерди чечүү, жашаган элге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча тапшырма коюлду. Элдин жашоо-турмушу көп жерлерде оорлошуп кетти. Нарын облусуна эки-үч жолу барып келдим, чынында акыбалы өтө оор аймактар бар. Же жолу оңдолгон эмес же мектеп же садиги жок. Ошондуктан, өтө көп жумуштарды аткарып жатабыз, мындан ары да аткаруу керек деген тапшырмалар коюлуп жатат", - деди ал.
Ошондой эле, Камчыбек Ташиев 2020-жылы алар бийликке келгенде мамлекеттин бюджети өтө төмөн болгонун жана бүгүнкү күндө андан дээрлик үч эсеге көбөйгөнүн кошумчалады.
"2021-жылы мамлекеттин бюджети 250 миллиард сомдун тегерегинде эле, ал эми 2025-жылдыкы 700 млрд 50 млн сом деп кабыл алынган. Кийинки жылы болсо... биз өзү ар бир жылга 100 млрд сом кошуп турсак жакшы болмок деп ойлогонбущ, бирок иштер жакшы жүрүшкөндүктөн, кийинки жылдын бюджети триллионго жеткени турат. Анткени, экономика иштеп жатат, акча көбөйдү, бюджетти уурдап-тоногондор жок болду. Эмки маселе - ошол көбөйткөн акчаларды элдин пайдасына иштетип алышыбыз керек. Бул да чоң көйгөй, анткени, жер-жерлерде бөлүнгөн акчаларды эффективдүү иштете албай, талап-тоногон жетекчилер дагы эле бар. Биз алар менен күрөшүп жатабыз жана күрөшүүнү уланта беребиз", - деди Камчыбек Ташиев.