КР УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өткөн жер тилкелерин аныктоо жана аларды кайра мамлекетке кайтаруу боюнча иштер уланууда.
          2019-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан, Кызыл-Суу айылынын жашоочуларына 9 га жер тилкесин, көп жылдык мөмө-жемиш бактары отургузулган делген шылтоо менен, бир топ мыйзам бузуулар аркылуу жеке менчикке чыгарылган. Ушундай эле факт боюнча 2018-жылы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары Жети-Өгүз районунун тургундарынын бирине 8 га жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып беришкен.
          Бирок, жеке менчикке өткөн учурдан, бүгүнкү күнгө чейин ал жерлерде өнүктүрүү, жакшыртуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлгөн эмес.
          Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, тиешелүү жарандар мамлекеттин жерлерине ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын мойнуна алышып, ыктыярдуу негизде жер тилкелерин Жети-Өгүз районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына кайтарып беришти.