Бүгүнкү күндө турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча келишимдердин саны 372 миң 213кө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча жалпы турак жайлардын саны 1 млн 251 миң 515ти түзөт.

Милдеттүү камсыздандырылган келишимдердин саны жалпы турак жай фондунун 29,7%ы болуп саналат.

2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу деңгээли болгону 12,3% (151 миң 91 келишим) эле.

Эң жогорку камсыздандыруу көрсөткүчүнө токтолсок:

  • Жалал-Абад облусу – 37,1%
  • Ош облусу – 35,7%
  • Талас облусу – 33,1%.

Булак: Кабар