Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева зордуктоого кабылган 20 жаштагы келиндин окуясын тынчсыздануу менен кабыл алып, коомдо мындай көрүнүштөрдүн болуп жатканы өкүндүрөрүн белгилейт. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Акыйкатчы кайынатасы сексуалдык зомбулук көрсөткөн 20 жаштагы Ж.к.Э.тууралуу маалымат чыгары менен аны жана жолдошун кабыл алып, алардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн билдирди.

Ж.к.Э. 2024-жылы 17-июлда бул үй-бүлөгө келин болуп келген. Анын айтымында, арадан бир ай өтпөй кайын атасы бычак менен коркутуп, зордуктаган.

«Мындай ыплас аракеттер бир жыл ичинде системалуу түрдө кайталанып жатты. Анын баарын кайын энем (өгөй кайын эне)  да көрүп, эч кандай чара көргөн жок», — деп билдирген келин.

Ж.к.Э. 2025-жылдын 11-апрелинде көз жарган. Анын билдирүүсүндө, төрөт үйүнөн чыккандан 15 күндөн кийин эле кайын атасы кайрадан күч колдонуу менен зордуктаган.  

Келин кайын атасынын зордук-зомбулугу боюнча май айында гана жолдошуна айткан. Ата-баланын ортосунда чыр чыгып, И.А. уулун ур-токмокко алган. Андан кийин,  10 күнгө кичинекей баласы менен талаа жумуштарына кетирип жиберген. Көп өтпөй, талаа жумуштарын да жакшы аткарган жоксуңар деген шылтоо менен кайрадан уруш баштаганда жаштар ымыркайын кайынатасына таштап Ысык-Көлгө качып кетет. Ал жактан аларга жардам көрсөткөн жарандардын кеңеши менен Каракол милициясына арыз менен кайрылышкан.

Милиция түгөйлөрдү Бишкек шаарындагы Ленин РИИБне жөнөтүп, алар июль айынын аяктарында арыз жазышкан. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча кылмыш ишин козгоп 16-августта шектүү И.А.ны кармаган.

ИИМдин маалыматында, шектүү кармоо учурунда күч органдарына 50 миң сом пара сунуштаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара  берүү) боюнча дагы бир кылмыш иши козголуп, шаардык ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: govori.tv