{{ item.title }}

    Маалыматка ылайык, бул жер тилкеси 1972-жылдын 13-январындагы депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими боюнча «Республикалык автотехникалык тейлөө» бирикмесине техникалык тейлөө станциясын куруу үчүн берилген.
          Андан ары 1992-жылдын январында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондунун Башкармалыгынын 1993-жылдын 12-февралындагы токтомуна ылайык, бул ишкананын базасында «КыргызАвтосервис» акционердик коому түзүлүп, анда үлүштүк катыштуулугу төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленген: «Мамлекеттик мүлк фондунун» үлүшү – 25%; эмгек жамаатынын үлүшү – 61%; башкаруучунун, анын ичинде «К.А.М.» үлүшү – 6,6%; «Х.Ф.Х.», «А.Т.С.». жана «К.В.М.» – ар биринин үлүшү 2%дан бөлүштүрүлгөн.  
          2002-жылы «КыргызАвтосервис» акционердик коому банкроттук шылтоосу менен жабылып, кайрадан «Декар» көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы» ЖАК болуп өзгөртүлүп, анын президенти болуп башкармалыктын мүчөсү «К.А.А.» шайланган.
          Ошол эле жылы, «К.А.А.» «Б.Б.» аттуу жаранга кол койуу укугун берген ырастамасын тариздеп, ал аркылуу сөз болуп жаткан жер тилкеси «Декар» көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы» ЖАКнун кызматкери «И.А.»га өткөрүлгөн. 
       Мындан улам, Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, мурунку «Республикалык автотехникалык тейлөө» бирикмеси, азыркы «Декар» көп профилдүү өндүрүүчү ишканасы» ЖАКнун мыйзамсыз ээлик кылып жүргөн жер тилкеси Нарын шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү.