УКМК басма сөз кызматы

 КР УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган социалдык объектилерди аныктоо жана аларды мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
          Алсак, 2003-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында мектеп-интернатынын имаратынын бир бөлүгүндө аянты 468 кв.м. жана ага чектеш, Барскоон айылында жайгашкан аянты 4847 м.кв., имараттар мыйзамсыз түрдө жеке менчикке чыгарылып, андан ары «Б» ЖЧКсынын жеке менчигине сатылып кеткен.
          Жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында менчик ээси өзүнүн социалдык объектиге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде мектеп-интернаттын имаратынын бир бөлүгүн жер участогу менен бирге Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.

УКМК басма сөз кызматы