Бишкек шаарында 21-августтан 1-сентябрга чейин Фрунзе – Осмонкул көчөлөрүнүн кесилиши жабылат, деп маалымдады мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, аталган тилкеде Фрунзе көчөсүндө пландуу оңдоо жана жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тармак 1971-жылдан бери иштеп келаткандыктан, колдонуу мөөнөтү бүтүп, тез арада алмаштыруу зарыл.

“Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы шаардыктарды жана конокторду убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле жасап, жол каттамын алдын ала пландап алууну суранат.

Булак: koom.press